Бугу 11, 2024
Убакыт: 17:50
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Токио-2020: Олимпиадага катышып жаткан спортчудан COVID-19 аныкталды

26.07.2021 08:28
927
Токио-2020: Олимпиадага катышып жаткан спортчудан COVID-19 аныкталды

Токио-2020 Олимпиада оюндарында  кайыкта сүзүү боюнча, мелдешке катышып жаткан  голландиялык спортчу Финн Флорейн жума күнү   COVID-19га карата тест тапшырып, жыйынтыгы оң чыккан. Бул тууралуу жапон басылмалары кабарлады.


Флорейн мелдешке катышып жаткан алгачкы спортчу катары коронавирус жуктуруп алган. Буга чейин Олимпиадага катышкан спортчулардан эмес, аларга катыштыгы бар адамдардан коронавирус аныкталган.


Атайын спортчулар  айылда жашаган 21 жаштагы голландиялык кайыкчы ишембидеги жекеме-жеке жарышка катышуудан баш тарткан.

Ал учурда обочолонгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн