Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Токио-2020 Олимпиадасынын күмүш медалынын жеңүүчүсү Акжол Махмудов кайрымдуулук үчүн кийимин аукционго коёт

20.08.2021 08:25
555
Токио-2020 Олимпиадасынын күмүш медалынын жеңүүчүсү Акжол Махмудов кайрымдуулук үчүн кийимин аукционго коёт

Токио-2020 Олимпиада оюндарынын күмүш медаль ээси Акжол Махмудов ата-энесине Бишкектен там алып берүүгө жардам сурады. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына жазды.


Анын айтымында, анын ата-энеси Бишкекте ижарага алган батирде жашайт.


"Өзүңүздөр билгендей, Токиодогу Олимпиада мен үчүн алгачкылардан болду. Мамлекеттин акчасына үй-бүлөмө там алып берейин деп жатам. Анткени алар бир нече жылдан бери Бишкекте ижарага батирде жашап келген.


Бүгүн бала кездеги кыялымды ишке ашыруу үчүн кайрымдуулук ишмердүүлүгүмдө алгачкы кадамды баштап жатам. Азырынча Олимпиадага кийген кийимимди аукционго коюп гана ишти баштай алам. Кааласаңар ал жакка кол тамгамды калтырам. Андан түшкөн каражаттын баарын кайрымдуулук фондуна берем. Сураныч, мени колдоп бергиле! Жакын арада кайрымдуулук иштерин жасоого мындан да башка мүмкүнчүлүктөр пайда болот деп үмүттөнөм. Эгер аукционду Бишкек шаарынын тургуну утуп алса, кийимди өз колум менен тапшырам. Баштапкы баасы 50 доллар",- деп билдирүү калтырган балбан Махмудов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн