Токио шаарында өтө турган Олимпиада жана Паралимпиадалык оюндарга чет элдик көрүүчүлөр киргизилбейт. Мындай чечимди Токио шаарында өтө турган Олимпиаданын уюштуруучулары билдирген.
Уюштуруучулардын айтымында, чет элдик көрүүчүлөр өздөрү менен кошо коронавирус оорусун алып келиши мүмкүн. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу ушундай чечим кабыл алынганын кошумчалады.
Эми уюштуруу тобу миллионго жакын чет элдик көрүүчүлөргө сатылган билеттердин акчасын кайтаруу маселесин чечет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн