Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 10:42
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.945
0.970

Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин эстелиги орнотулду

20.04.2022 18:17
1996
Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин эстелиги орнотулду

Белгилүү төкмө акын, комузчу, обончу Элмирбек Иманалиевдин эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, замандаштары жана кеңири коомчулук катышып, Иманалиевдин чыгармачылыгын жана адамдык парасатын эскеришти.


Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган.


Төрт жашынан тамга таанып, жети жашынан комуз кармап ырдай баштаган. 13 жашында устаты Тууганбай Абдиевдин чакыруусу менен Бишкек шаарына келип, алгач филармонияга караштуу эки жылдык студияны, кийинчерээк Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган.


Айтыш өнөрүнө 1993-жылдан тартып аралаша баштаган. Эл аралык жана республикалык деңгээлде өткөн бир нече айтыштардын баш байгелеринин ээси болгон.


Элмирбек Иманалиев 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында оорудан каза болгон.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн