Бугу 15, 2024
Убакыт: 23:49
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Токмок шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

04.05.2021 10:42
674
Токмок шаардык кеңешине өткөн  шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 11-апрелде өткөн Токмок шаардык кеңештин шайлоосунун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.


Маалыматка ылайык, аталган кеңештин шайлоосуна катышкан “Бирге”, “Эл биримдиги” жана “Республика” партиялары "шайлоодо административдик ресурс колдонулду", деп бирин-бири айыптап Боршайкомго арыз жазышкан. Ошондой эле партиялар бир үйгө жапырт каттоо маселесин да көтөрүшкөн.


Арыз-дооматтар 3-майда БШКнын жыйынында каралып, Ички иштер министрлигинин өкүлү мыйзам бузуулар тууралуу документтерди көрсөткөн. Анын негизинде Токмок шаарындагы жети шайлоо тилкедеги добуштар жокко чыгырылды.


“Шайлоо мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү кеңешке катышкан шайлоочулардын добуштарынын үчтөн бири жокко чыгарылса кайра шайлоо болушу керек. Токмок шаарында мына ушундай көрүнүш болду. БШК чечим кабыл алып, президентке сунуштадык”, - деди Бекматов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн