Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 02:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Токмок шаарында бир нече уурулукка шектүү жаран кармалды

14.03.2022 15:35
745
Токмок шаарында бир нече уурулукка шектүү жаран кармалды

Токмок шаарындагы базарлардын биринен ар түрдүү буюмдарды уурдады делген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.


2021-жылдын октябрь айынан тарта Томкок шаардык милициясына жергиликтүү жашоочулардан бир нече арыздар келип түшкөн. Арызда телефон, акча, зер буюмдар, ошондой эле азык-түлүк жана темир түтүктөр уурдалганы жазылган.


Аталган фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) боюнча катталган.


Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип Т.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.


Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында шектүү жаран күндүз шаардагы базардан ар түрдүү боюмдарды уурдап жүргөнү аныкталган. Шектүү жарандын Токмок шаары боюнча үч кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги такталган.


Териштирүү иштери улантылууда.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн