Токмок шаарында милиция кызматкерлери чөнтөк уурулуктун алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүштү. Бул
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 28-октябрь күнү Токмок шаарынын аймагында, Токмок шаардык милиция кызматкерлери тарабынан, чөнтөк уурулукту алдын алуу жана болтурбоо боюнча профилактикалык иш чара өткөзүштү.
Ар бир жүргүнчү ташуучу транспорт кажаттарына; автобустарга, маршруттук таксилерге жана таксилерге жазуу эскертмелери илинип, айдоочулар менен түшүндүрүү иш чаралары жүргүзүлдү.
Иш-чаранын максаты Токмок шаарындагы коомдук транспорттордо жүргүнчүлөргө карата болуп жаткан кылмыштуулукту, анын ичинен чөнтөк уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн