Бугу 15, 2024
Убакыт: 07:34
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Токмок шаарында эки бала массалык мушташ уюштурган

18.05.2023 13:16
286
Токмок шаарында эки бала массалык мушташ уюштурган

Токмок шаарында массалык мушташ уюштурган өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 12-майда Токмок шаардык милициясына арыз менен Чүй районунун Алга айылынын 56 жаштагы Э.К. аттуу тургуну кайрылып, 11-майда болжол менен саат 20:00 чамасында Токмок шаарынын № 1 кичирайонунда 16 жаштагы Н.А. аттуу баласын ур-токмокко алган белгисиз жарандарга чара көрүп берүүнү суранган.


Ошондой эле милицияга өспүрүм балдары ур-токмокко алынгандыгын айтып, 38 жаштагы У.Ч. жана 32 жаштагы М.Х. аттуу жарандар кайрылган.


Аталган фактылар Токмок шаардык милициясына каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.


Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, аталган массалык мушташты уюштурууга жана ага катышууга шектүү катары 18 жаштагы Ж.Ш., К.И. жана 16 жаштагы А.М. аттуу балдар аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн