Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 16:47
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Токмок шаарында гаражда мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталды

09.02.2023 12:31
250
Токмок шаарында гаражда мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталды

Токмок шаарынын аймагынан мыйзамсыз майнинг-ферма аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


        Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө республиканын мамлекеттик энергетикалык ишканаларынын электр тармактарына мыйзамсыз майнинг-фермага кошулуу фактылары аныкталган. 

   

    Кылмыштардын бирдиктүү ресстрине маалыматты каттоо журналына катталган сотко чейинки өндүрү материалдын алкагында, автотранспорт айдоочулар союзунун Токмок шаардык Совети» коомдук бирикмесинин гараждык кооперативинде, Чүй облусунун Токмок шаарындагы Шамшинская көчөсүндө жайгашкан майнинг-ферманын мыйзамсыз түрдө криптовалютаны ишин жүргүзгөндүгү аныкталган.

 

     Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө, Токмок шаардык салык кызматынын, Райондук электро станциясынын кызматкерлеринин жана КР жараны 1988-ж.т. Д.Т.А. катышуусунда гараждардын ичинде жайгашкан жер төлөөлөрдөн «S9» жана «L3» маркасындагы 24 даана криптовалюта жабдуулары табылып алынды. Ошол эле учурда бул жабдуулар электр эсептегичтерин айланып өтүп, Токмок электр бөлүштүрүүчү зонанын тармагына түз кошулган. 

        Электр энергиясын пайдалануу мөөнөтүнүн негизинде мамлекетке алдын ала 1 миллион сомго жакын зыян келтирилген.

        Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


        

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн