Токмок аймактык шайлоо комиссиясы шаардык кеңешке добуш берилген бардык тилкелердин жыйынтыгын кайра карап чыгууну чечти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Добуштарды кайра саноого "Эмгек" жана "Асыл Мурас-Жаштар" партиясынын арызы негиз болгон. Аталган партиялардын дооматына ылайык, бардык тилкелерде добуштар кол менен саналган эмес.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуштарды кайра эсептөө БШК мүчөсүнүн катышуусунда ишке ашууга тийиш.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн