Жетинин айы 14, 2024
Убакыт: 22:29
USD
86.35
86.85
EUR
90.60
91.60
RUB
0.865
0.895

Токмок шаарындагы "Темирбетон" ААК мамлекеттик менчикке кайтарылды

14.11.2024 09:10
35
Токмок шаарындагы "Темирбетон" ААК мамлекеттик менчикке кайтарылды


Токмок шаарындагы "Темирбетон" ААК мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында мамлекеттин менчигине кайтарылган "Темирбетон" ААКтын болжолдуу баасы 5 млрд 855 млн сомду түзөт.

"Темирбетон" ААКиын акцияларынын 40%ы мамлекетке таандык экендиги аныкталып, бирок, көрсөтүлгөн үлүш "В.П" акцияларынын негизги пакетинин ээсинин жалган жактарына мыйзамсыз берилген жана толугу менен жеке менчикке менчиктештирилген.

Мамлекеттик мүлк фондунун 1992-жылдын 22-декабрындагы №455 токтому менен «Темирбетон» кооперативдик заводу, сметалык баасы 38 миллион 264 миң рубль болгон ачык акционердик коомго айландырылган.

1993-жылы Мамлекеттик мүлк фондуга электр тармактарын куруу менен алектенген чет өлкөлүк ишканалардын биринен "Темирбетон" ААКнын мамлекеттик үлүшүнөн 28 млн 698 миң сомдук 15% үлүштү сатып алуу жөнүндө кайрылуу келип түшкөн, бирок аталган каражаттардын мамлекеттик бюджетке түшүүсү тууралуу документ түрүндө тастыкталган маалыматтар жок.

Мында акциялардын мамлекеттик пакетинин калган 25%ын 1992-жылдан азыркы учурга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду контролдогон эмес, б.а. "Темирбетон" ААКдан алынган пайдадан мамлекетке кандайдыр бир пайда түшкөн эмес.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында акциялардын пакетинин негизги ээси "В.П." өз ыктыяры менен объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берди.

Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн