Бугу 05, 2024
Убакыт: 15:55
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Токмокто 11 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектүү жаран кармалды

Токмокто 11 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектүү жаран кармалды


Токмокто жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалдыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-августта социалдык коргоо адиси арыз менен шаарда жашы жете элек кыз өгөй атасы, жаран М.С.Т. менен жашап жүргөнүн билдирген. Ал кыздын алсыз абалынан пайдаланып, 2023-жылдын февраль айынан баштап зордуктаган.

Аталган факты Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" беренесинде каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган М.С.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Кылмышка шектүү М.С.Т. айып тагылып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган, тергөөнүн жыйынтыгы менен 10-октябрда кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөн.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жашы жете элек кыздын апасы 1990-жылы туулган М.В.В. 2022-жылы рак оорусунан каза болгон, атасы жаран Т.А.Н. 2023-жылы өлтүрүлгөн, буга байланыштуу кыз өгөй атасы менен жашаганы аныкталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн