Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Токмокто 17 жаштагы өспүрүм компьютердик клубда ойноп жатканда көз жумду

Токмокто 17 жаштагы өспүрүм компьютердик клубда ойноп жатканда көз жумду


Токмокто 17 жаштагы өспүрүм компьютердик клубда ойноп жатканда көз жумду. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ билдирди.


Маалыматка караганда, 1-сентябрда саат 23:30да 17 жаштагы Т.Б. компьютердик клубда ойноп жаткан.


"Өспүрүм эс-учун жоготуп койгон. Достору аны Чүй райондук ооруканага алып барышкан. Бирок ал реанимацияда үзүлгөн. Факт каттоого алынды. Баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды", — деп айтылат маалыматта.


Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүм ооруканага жеткенге чейин эле үзүлгөнүн билдирди.


"Баланын сөөгү Чүй райондук жалпы дарыгердик практика борборуна алып келинген. Окуяны медиктер милицияга кабарлаган", — деди министрлик.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн