Токмок шаарында чагылган түшүп андан окуучу кыз каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 2-июнда болгон. Анда мектептин жанында жүргөн 3 окуучуга чагылган түшкөн. Алардын бири каза болсо, эки окуучу жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Министрлик ооруканага түшкөн окуучулардын абалы туруктуу экенин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн