Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 10:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Токмокто 61 млн сомго бааланган жер муниципалдык менчикке алынды

09.07.2024 17:35
176
Токмокто 61 млн сомго бааланган жер муниципалдык менчикке алынды

Токмок шаарында 61 млн сомго бааланган жер тилкелери муниципалдык менчикке алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын прокуратурасы тарабынан муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамдын сакталышына карата жүргүзүлгөн текшерүүдө Токмок шаарынын Парковая көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 3,8 га болгон 4 жер тилкеси жана Чокморов көчөсүндөгү нан заводунун мурдагы имаратынын айланасындагы жалпы аянты 23,6 га түзгѳн 2 жер тилкеси шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын кыймылсыз мүлктөрдү эсепке алуу реестрине киргизилбегендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура Токмок шаарынын мэриясына прокурордук талап келтирип, натыйжада 61 млн 597 миң 698 сомго бааланган жогорудагы жер тилкелери шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн