Бүгүн Токмок шаарында "Граф" каймана аты менен белгилүү Алиджан Ибрагимовдун сөөгү жерге берилүүдө.
Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Миряров, Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин, Касым-Жомарт Токаевдин жана спикер Нурлан Нигматулиндин өкүлү жана көптөгөн бизнес чөйрөсүндөгү чет элдик жарандар катышууда. Ал эми кыргыз бийлик өкүлдөрүнөн Жогорку Кеңештин депутаттары Пархат Тулендыбаев, Иса Өмүркулов, Канат Исаев жана анын агасы Талант Исаев, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Аймен Касенов, Өмүрбек Бабанов жана Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдер бар.
Азыркы учурда маркумдун жаназасы окулуп, маркумду жерге берүү үчүн мазарга алып кетишти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн