Бугу 15, 2024
Убакыт: 14:32
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Токмокто аксакалдын акчасын уурдаган жаран кармалды

25.10.2022 16:36
461
Токмокто аксакалдын акчасын уурдаган жаран кармалды

Токмок шаарындагы мал базардан карыянын акчасын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Токмоктогу мал базарда 79 жаштагы адамдын күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 120 миң сомун уурдап кетишкен. Карыя мал базарга баласынын ашын өткөрүүгө жылкы алганы келген.


Аталган факты Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган.


Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын алкагында кылмышка шектелип Токмок шаарынын 39 жаштагы Г.У. аттуу жараны кармалган. Шектүү уурдалган акчаны андан ары жабыркаган жаранга берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп берди.


Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин уурулук беренесинин негизинде айып тагылды.


Эскерте кетсек, ошол эле күнү Токмокто мал базардан акчасын уурдаткан карыяга жергиликтүүлөр 115 миң сом чогултуп беришкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн