Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Токмокто балыктардын массалык өлүмүнө эмне себеп болгону айтылды

24.01.2022 13:19
873
Токмокто балыктардын массалык өлүмүнө эмне себеп болгону айтылды

Токмоктогу балыктар массалык түрдө кырылган эмес. Бул тууралуу  маалымат жыйынында Балык чарба ассоциациясынын төрагасы Урмат Жумалиев билдирди.


Эскерте кетсек, буга чейин ЖМКлар Токмок шаарында массалык түрдө балык кырылып жатканын жазып чыгышкан.


Жумалиев балыктар кырылып баштаганда эмне оору экени белгисиз болгонун айтат.


“Алгач балыктар жем жебей, алсырай баштаган. Адистердин жардамы менен ооруну аныктап алдык. Көрсө, бир клеткалуу организм болгон экен. Адистер профилактика жүргүзүү тууралуу маалымат берип кеткен. Учурда сууга туз кошуп профилактика кылуудабыз. Ошондой эле балыктар жүргөн бассейн туура эмес салынып калган. Мындан улам 8 чарба жабыркаган. Бул тармакта жаңы иштеп баштагандар коркуп балыктарын массалык сата баштагандыктан анын баасы түшүп кеткен. Эл арасында дагы балык массалык кырылып жатат деген ушактар пайда болгон. Чындыгында массалык өлгөнү боюнча далил жок”, - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн