Бугу 16, 2024
Убакыт: 06:05
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Токмокто курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган 24 жаштагы жаран куткарылды

07.03.2023 15:34
389
Токмокто курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган 24 жаштагы жаран куткарылды

 


Бүгүн,7-мартта Чүй облусунун Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан курулушу бүтө элек 9 кабаттуу турак үйдөн 24 жаштагы А.Ж. аттуу эркек киши секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Жерине ыкчам түрдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токмок шаардык №21 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган жаранды сүйлөшүү жолу менен аман-эсен алып түшүп, жакындарына өткөрүп беришти. 

Алдын ала маалымат боюнча аталган адамдын абалы туруктуу.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн