Бугу 15, 2024
Убакыт: 10:47
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Токмокто мал базарда аксакалдын акчасын уурдагандар изделүүдө

17.10.2022 11:11
288
Токмокто мал базарда аксакалдын акчасын уурдагандар изделүүдө

Милиция Токмок шаарындагы мал базарда карыянын акчасын уурдагандарды издеп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, аталган факт Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери башталды.


"Учурда жогоруда көрсөтүлгөн карыянын акчасын уурдаган кылмышкерлерди таап, мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Токмок шаарындагы мал базарда 120 миң сом акчасын уурдатып, ыйлаган карыянын видеосу тараган. Видеодон базардагы кайдыгер эмес жарандар аксакалга 117 миң сом акча чогултуп беришкенин көрүүгө болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн