Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:58
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Токмокто мас абалда бир тууган агасын өлтүргөн жаран кармалды

Токмокто мас абалда бир тууган агасын өлтүргөн жаран кармалды



Токмок шаарында адам өмүрүн кыйган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Токмок ШИИБке 2022-жылдын 14-сентябрь күнү Токмок шаарынын Нижне-Луговая көсөүндөгү үйдө 1961-жылы туулган Б.В. аттуу жарандын киши колдуу болуп өлгөнү жөнүндө маалымат келген.


Аталган окуя боюнча Токмок ШИИБтин тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (Адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон. 


Жүргүзүлгөн тергөө амалдардын натыйжасында окуянын чоо-жайы такталган, өлгөн жаран аталган үйдө бир тууган иниси 1964-жылы туулган Б.А. менен чогуу жашайт экени, окуя болгонго чейин үйдө чогуу арак ичишип, мастыктан уруш чыгып сабап, иниси агасына өлүмгө алып келген залал келтирген. 


Шектүү жаран Б.А. кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тергөө уланып жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн