Баш оона 22, 2025
Убакыт: 02:07
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Токмокто мыйзамсыз 6 миңден ашык бөтөлкө ичимдик жана 1560 таңгак тамеки аныкталды

21.04.2021 16:59
1276
Токмокто мыйзамсыз 6 миңден ашык бөтөлкө ичимдик жана 1560 таңгак тамеки аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун Токмок шаарындагы борбордук базарда өткөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө тамеки жана алкоголь продукцияларын мыйзамсыз сатуу фактыларын аныкташты.


Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынтыгында күмөндүү акциздик марка менен жана коштомо документтерсиз 6 миңден ашык бөтөлкө алкоголь, акциздик маркасы жок 1 миң 560 таңгак тамеки тартып алынды.

Ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн