Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 14:31
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Токмокто мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын имараты кайтарылды

17.09.2024 12:31
388
Токмокто мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын имараты кайтарылды


Токмокто мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Маалыматка ылайык, менчик ээси Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти А.З.А. экени аныкталган. Ал мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын мойнуна алып, 130 миллион сомдук 5 миң 375 чарчы метр жер тилкени административдик курулушу менен Токмок мэриясына өткөрүп берген.


"Бизнес-инкубаторлор жана инновациялык борборлор союзу" тарабынан менчиктештирилип кеткен Токмок шаарынын 3-кичи районундагы №18 дарегинде жайгашкан бала бакча мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Тактап айтканда, аянты 1 140 чарчы метрди түзгөн имараттын бир бөлүгү жана ага жанаша жайгашкан 4 235 чарчы метр жер кайтарылды", — деп жазылат маалыматта.


УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантып жатканы кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн