Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 11:19
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Токмокто "кызыл зонада" иштеген медиктер Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

05.08.2020 10:11
1062
Токмокто "кызыл зонада" иштеген медиктер Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү


Чүй облусунун Токмок шаарында "кызыл зонада" иштеген медициналык кызматкерлер жана мобилдик топтор Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдирди. 


Маалыматка караганда, эс алууга үй-бүлөлүк медициналык борборунун 15, аймактык оорукананын 24 кызматкери жана 3 куткаруучу жөнөтүлдү. Алар 3 күн эс алышат. 


Ошондой эле, 4-августта Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусундагы «Дилорам» пансионатына 54 медицина кызматкери жөнөтүлгөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. 


Эс алуу коронавирус жана пневмония менен ооруп айыккан медицина кызматкерлеринин ден соолугун калыбына келтирүү максатында уюштурулган. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн