Бугу 14, 2024
Убакыт: 14:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Токмокто шаардык кеңештин депутаты Кайрат Чокеев кармалды

10.03.2023 10:28
325
Токмокто шаардык кеңештин депутаты Кайрат Чокеев кармалды

Токмок шаардык кеңешинин депутаты Ч.К. кармалды.


Чүй милициясы билдиргендей, ал  шаарда "Яндекс.Такси" кызматынын иштөөсүнө каршы чыгып, ишкананын өкүлдөрүн коркутууга алган деп шектелүүдө. 

Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына кайрылган жаран 26-февралда ал иштеген кеңсеге 6-7 жаран кирип келип, зомбулук көрсөтөрүн, кеңсесин өрттөп кетерин айтып коркутуп, шаардан чыгып кетүүгө мажбур кылганын айткан.


Аталган факт каттоого алынып, териштирүү үчүн Токмок шаардык милициясына жөнөтүлгөн.


Милиция 9-март күнү шектүү катары Токмок шааныны 35 жаштагы тургуну К.Ч. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн