Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:59
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Токмокто сойкулук менен алектенген 13 кыз жана сойкулук уюштурууга шектелип 2 аял кармалды

09.02.2022 07:57
526
Токмокто сойкулук менен алектенген 13 кыз жана сойкулук уюштурууга шектелип 2 аял кармалды

Токмокто бир нече көңүл ачуучу жай аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-февраль күнү буга чейин козголгон кылмыш иштеринин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдырынын натыйжасында Токмок шаарындагы бир нече сауна көңүл ачуу жайга айландырылганы аныкталган.


Сауналардын бирине жүргүзүлгөн тинтүү учурунда кара баштыктын ичинен пневматикалык тапанча жана электршокер алныган.


Териштирүү иштеринин жүрүшүндө сауналардан 13 кыз: 26 жаштагы А.А., 31 жаштагы К.А., 39 жаштагы З.М., 30 жаштагы К.З., 27 жаштагы А.Н. жана Ш.А., 36 жаштагы К.А., 35 жаштагы К.А. жана С.Ч, 34 жаштагы И.А., 24 жаштагы Б.А., 34 жаштагы Т.А., 33 жаштагы С.Н. аныкталган.


Алар каттоого алуу жана жана тиешелүү териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Токмок шаарынын ИИБине жеткирилген.


Алардан сырткары, 1970-жылы туулган Л.Н. жана 1956-жылы туулган Х.З. аттуу аялдар көңүл ачуучу жайды уюштурууга шектелип ички иштер органдарынын имаратына жеткирилген.


Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн