Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Токмокто жана Сокулукта айыл чарба тетиктерин сатып алуу түйүндөрү уюштурулду

08.04.2020 12:22
982
Токмокто жана Сокулукта айыл чарба тетиктерин сатып алуу түйүндөрү уюштурулду


Жер-жерлерде өндүрүштүк ишканалардын ишмердүүлүгү үчүн кандайдыр бир тоскоолдуктар болбоого тийиш, алардын иши токтобошу керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.


Анын айтымында, бул жаатта жергиликтүү бийлик органдарына маселени тактоо милдети коюлушу керек. Ички иштер министрлигине калктын жана унаалардын кыймылын тартипке келтирүү, үйдөн тышкары чыгууларды болушунча азайтуу тапшырылды.


Айрым жарандар техникалардын бузуктугуна байланыштуу талаа иштерин жүргүзүүнү мүмкүн эместигине нааразы болушуп, тетиктерди сатып алуу зарылдыгын билдиришкенине байланыштуу Чүй облусунун Токмок шаарында жана Сокулук районунда айыл чарба техникаларына тетиктерди сатып алуу түйүндөрү уюштурулган. Аймактарда жергиликтүү бийлик органдарына зарылдыгына жараша бул маселени иштеп чыгуу тапшырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн