Токмокто 14 жаштагы кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйдөн жашы жете элек кыз кулап кеткени тууралуу билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери тарабынан 14 жаштагы Б.А. экени аныкталган. Ал алган жараатынан улам ошол жерден каза болгон.
Факты маалымат каттоо журналына катталган. Тергөө иштери башталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн