Ташиев кол койгон документтер эч нерсени чечпейт. Мындай пикирин акыйкатчы Токон Мамытов "Кактус.медиага" билдирди.
Анын айтымында, Ташиев кол койгон протокол эч нерсе чечпейт, ал каалаган убакта колун кайтарып алса болот.
"Өзбекстан менен болгон азыркы келишим Өкмөт жана Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациядан өтмөйүнчө эч кандай маселени чечпейт. Ташиев каалаган мезгилде өз колун кайтарып алса болот. Азыркы бийлик чек арада чечүүдө жакшы сабак алды. Алгач эл менен келишип, анан маселени көтөрүү керек.
Бакиев сатып жиберди, Мадумаров жана Ташиев сатып жиберди жерлер Жогорку Кеңештин ратификациясынан өтмөйүн эч кайсы мамлекетке берилбейт",- деди Мамытов.
Пикирлер (2)