Бугу 22, 2024
Убакыт: 00:04
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Токон Мамытов коронавирус табылган эки кызматкери менен байланышта болгон

24.06.2020 13:05
1076
Токон Мамытов коронавирус табылган эки кызматкери менен байланышта болгон


Коронавирус табылган Акыйкатчы институтунун эки кызматкери аппараттын кызматкерлеринин 90 пайызы менен байланышта болгон. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов Vesti.kg сайтына билдирген.

Анын айтымында, бүгүн, 24-июнда Акыйкатчы аппаратынын бардык курамы COVID-19 илдетине тест тапшырат.

Мамытов билдиргендей, буга чейин ал вируска карата өз алдынча тест тапшырган жана анализдин жыйынтыгы таза чыккан. Бирок ал учурда карантинде.

Кызматкерлердин дээрлик 90 пайызы, анын ичинде мен дагы коронавирус жугузуп алган эки кесиптешибиз менен контактта болгонбуз. Бүгүн жана эртең баары тест тапшырат. Эгерде көпчүлүгүнөн аныктала турган болсо, анда үйдө аралыктан иштөөгө туура келет”, - деди Мамытов.

Эске салсак, кечээ, 23-июнда аппараттын эки кызматкери илдетке кабылганы белгилүү болгон. Ушул тапта алар карантинге алынды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн