Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 23:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Токтобай Маанаев Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин м.а. кызматынан бошотулду

25.09.2023 11:29
318
Токтобай Маанаев Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин м.а. кызматынан бошотулду


Токтобай Маанаев Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.


Ага ылайык, жаңы жетекчи дайындалганга чейин башкы дарыгердин милдетин аткаруу Улуттук госпиталдын жетекчисинин орун басары Улукбек Кулукеевге жүктөлдү.


Эске сала кетсек, 2023-жылдын 22-сентябрындагы №228 буйругу менен Бакыт Төлөгөнов аталган медициналык мекеменин башкы дарыгеринин кызматынан бошотулуп, анын ордуна Токтобай Маанаев дайындалган. Ал бул кызматта бир нече күн иштеп, андан кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги өз чечимин жокко чыгарган.


Буга чейин Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевге кылмыш иши козголгону маалымдалган. УКМКнын маалыматы боюнча, медициналык мекемеде коррупциялык схемалар – үзгүлтүксүз опузалап акча алуу, тендер өткөрүүдө акчаны кайтарып алуу, аффилирленген жеткирүүчүлөрдөн жогорулатылган баада мамлекеттик сатып алуулар жана дары-дармектерди жасалма эсептен чыгаруу аныкталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн