Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 09:56
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Токтогазиев: Кыргызстандын Кытайга жана Араб өлкөлөрүнө этти экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар

12.01.2021 18:49
719
Токтогазиев: Кыргызстандын Кытайга жана Араб өлкөлөрүнө этти экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар


Кыргызстандын Кытайга жана Араб өлкөлөрүнө этти экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу бүгүн Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы министри Тилек Токтогазиев брифингде билдирди.


"Биз аймактагы транзиттик мүмкүнчүлүгүбүздү пайдалансак болот. Биз өзүбүздүн эле азык-түлүктү сатпай, башкалардын эт-сүтүн да кайра иштетип сатсак болот. Азыр Казакстандан, Орусиядан, Монголиядан, Беларустан жана Украинадан арзан мал сатып алууну сүйлөшүп жатабыз. Аларды эт түрүндө Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Кытайга сатсак болот. Кытай менен күн сайын 60 тоннага чейин эт сатуу маселесин азыр сүйлөшүп жатабыз, аны ишке ашыруу үчүн биз транзиттик мүмкүнчүлүктү пайдалануубуз зарыл. Бириккен Араб Эмираттарына аптасына 40 тонна эт сатуу боюнча келишим бар. Учурда фермерлерди колдоо үчүн 6 миллиард сом бөлүндү. Бул "Айыл чарбасын каржылоо" программасынын алкагында жүргүзүлөт. Бул 5-6 пайыздан 10%га чейинки үстөк менен насыя түрүндө берилет",-деди министр.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн