Бугу 05, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Токтогул ГЭСинин кароолунда турган катардагы жоокер жанындагы шеригин атып алган

Токтогул ГЭСинин кароолунда турган катардагы жоокер жанындагы шеригин атып алган


Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Кара-Көл шаарындагы 7706 аскер бөлүгүнүн №1 кароолунда (Токтогул ГЭСи) турган катардагы жоокер жанындагы шеригин атып алган. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя 20-ноябрда таңкы саат 05:50дө катталган.

"21 жаштагы жоокер У.Б. жанындагы жоокерди атып алган. Алган жараатынан улам 20 жаштагы жоокер С.Т. жеринде каза болду", - деп айтылат маалыматта.

Кырсыктан кийин У.Б. аттуу жоокер бекитилген куралы менен кароол жайын таштап, белгисиз жакка качып кеткен.

Учурда жоокерди издөө жана тиешелүү орган кызматкерлери тарабынан окуянын чоо-жайын териштирүү иштери жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн