Бугу 09, 2024
Убакыт: 06:16
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Токтогул ГЭСнин №2 гидроагрегатын модернизациялоо иштери аяктады

12.12.2023 12:09
174
Токтогул ГЭСнин №2 гидроагрегатын модернизациялоо иштери аяктады


"Электр станциялары" ААК Токтогул ГЭСнин №2 гидроагрегатын реконструкциялоо жана модернизациялоо иштерин ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, аталган иш 2023-жылдын 1-мартында башталган. ГА-2 агрегатынын негизги жабдуулары, көмөкчү системалары менен бирге монтаждоо иштери 100% аткарылды. Учурда план боюнча гидроагрегатты сыноо иштери жүрүп жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 5-декабрында №2 гидроагрегатка электр тармак менен синхрондоштуруу боюнча сыноолор жүргүзүлүп,андан кийин системалар боюнча бардык жөнгө салуу жана агрегатты көзөмөл алдында эксплуатциялоо (сыноо жүргүзүү 14 күн) иштери башталды.

Реконструкциялоо жана модернизациялоо жумуштарынын негизги максаты:

  • Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтүн 30-40 жылга чейин узартуу жана күтүлбөгөн авариялык өчүрүүлөрсүз иштөө;
  • Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу азыркы учурда 1200 МВт түзөт, аны 1440 МВт чейин жогорулатуу;
  • Станцияны моралдык жана физикалык эскилиги жетип калган башкаруу системасын алмаштырып, заманбап «SCADA» системасын орнотуу;

Ал эми жаңыланган жабдуулар төмөнкүлөр:

  • Гидротурбина жана генератор
  • Автоматташтырылган башкаруу системасы жана мониторинг
  • Технологиялар коммуникациялар системасы.

«Электр станциялары» ААК жылына Токтогул ГЭСнин бирден гидроагрегатты реабилитациялоо менен ишке киргизилүүсүн пландоодо.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн