Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Токтогул РИИБдин алдыңкы кызматкерлери сыйланды

31.08.2020 16:25
663
Токтогул РИИБдин алдыңкы кызматкерлери сыйланды

  • Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун, жоруктардын, бузуулардын алдын алуу максатында бир апталык «Тартип» рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

    Маалыматка караганда, рейддин алкагында райондун борборунан алыс жайгашкан Терек-Суу жана Өзгөрүш аймактарынын жашоочуларына «102 эскертет» аталышындагы баракчалар таркатылып, дүкөндөргө, эл көп топтолуучу коомдук жайларга жабыштырылды. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту, өспүрүмдөр арасында мыйзам бузуучулуктарды, батир тоноо жана мал уурулуктарды болтурбоо багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

    Ошондой эле каракчылык, тоноочулук фактыларынын алдын алуу максатында түнкү убакытта иштеген дүкөндөргө, май куюучу жайларга «102 эскертет» баракчалары илинип, сатуучулар менен тиешелүү жумуштар алып барылды. Аталган баракчада жарандардын терс көрүнүштөр орун алган учурда кандай аракеттерди көрүүсү керектиги тууралуу маалыматтар камтылган.

    Милициядан кошумчалашкандай, «Тартип» рейдинин натыйжасында 6 кылмыш фактысынын бети ачылып, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 22 административдик протоколдор түзүлгөн.

    Мындан сырткары, Эгемендүүлүк күнүнө карата Токтогул РИИБде саптык кароо жүргүзүлүп, кызматтык ишмердүүлүктө өзгөчөлөнгөн жана өзгөчө кырдаал учурунда аткарган иштери үчүн бир катар кызматкерлер медалдар жана ардак громаталар менен сыйланышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн