Бугу 10, 2024
Убакыт: 11:20
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык менен бир катар маданият өкүлдөрү сыйланды (тизме)

02.07.2022 13:56
1536
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык менен бир катар маданият өкүлдөрү сыйланды (тизме)


Өлкө башчы Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды.


Ага ылайык, сыйлык төмөнкү инсандарга ыйгарылды:


Таалайбек Усубалиев, сүрөтчү — медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын COVID-19 пандемиясы менен күрөшү, ошондой эле коронавирустун курмандыктары жөнүндө картиналардын сериясы үчүн;


Анар Сыдыгалиева, актриса — Толгонайдын ролун аткаргандыгы үчүн;


Данияр Жанжигитов, актёр — Майсалбектин ролун аткаргандыгы үчүн;


Алымгазы Конушбаев, сүрөтчү-сценограф — оюндун сценографиясы үчүн.


Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык — чыгармачыл инсандардын мыкты чыгармалары үчүн адабият, маданият жана архитектура тармагы боюнча ыйгарылуучу сыйлык.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн