Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:33
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Токтогул районунда 5 кгдан ашуун “гашиш” баӊгизатын сатуучулар кармалды

27.04.2022 09:25
406
Токтогул районунда 5 кгдан ашуун “гашиш” баӊгизатын сатуучулар кармалды

Токтогул районунда 5 кг. ашуун “гашиш” баӊгизатын сатуучулар кармалган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


2022-жылдын 9-апрель күнү Кыргыз Республикасынын БМЖКККнын Жалал-Абад областык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад ОИИБна Токтогул районунда «Кылыч» аттуу жаран баңгизатын сатып жана сактап жүргөдүгү тууралуу маалымат катталган.


    Бул маалымат боюнча 2022-жылдын 12-апрель күнү Жалал-Абад ОИИБнын Терөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

 

       Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 13-апрель күнү кылмыш иши боюнча Токтогул районунун «Кылыч» аттуу атуул 1600 сомго 70 гр. гашиш баңгизаты сатып алынган.


    Ошондой эле, 2022-жылдын 14-апрель күнү жогоруда көрсөтүлгөн атуул шарттуу сатып алуучуга 2000 сом акчага 110 гр. гашиш баңгизатын экинчи ирет саткан.

 

  Ал эми, 2022-жылдын 16-апрель күнү Токтогул районунун Бишкек-Ош жолунда жайгашкан май куйуучу жайынын жанында Токтогул районунун тургундары 2001-ж.т. А. уулу К. менен 1990-ж.т. Ж.С. 100 000 (жүз миң) сомго 5 кг. 360 гр. гашиш бангизатын сатып жаткан жеринен кармалышкан.

 

  Соттук химиялык экспертизасынын корутундусу ылайык баңгизаттардын таза салмагы 5 кг. 540 гр. болгон “гашиш” баӊгизаты экендиги аныкталган.


    Кармалган жарандар кылган кылмыштарын толугу менен моюндарына алышып Жалал-Абад ОИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Убактылуу кармоо жайына киргизилген.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн