Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Токтогул районунда ишкерден опузалап акча талап кылган УКТнын мүчөсү кармалды

10.01.2023 17:35
327
Токтогул районунда ишкерден опузалап акча талап кылган УКТнын мүчөсү кармалды

Токтогул милициясы опузалап талап кылууга шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан редакциябызга кабарлады.


Маалым болгондой, Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнө 2023-жылдын 8-январь күнү 28 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 2022-жылдын 31-декабрь күнү саат 14:30 чамасында Токтогул шаарынын борбордук базарында соода кылып жаткан дүкөнүнө өзүнө бейтааныш болгон 25-30 жаштардагы бала келип, эч бир себепсиз коркутуп, опузалап 5000 сом акча талап кылып, “Бербесеӊ башкача сүйлөшөбүз” – деп коркутуп кетип калган. Андан кийин, 2023-жылдын 8-январь күнү саат 15:00 чамасында Токтогул шаарында өзүнүн жеӊил автоунаасында кетип бара жатканда, “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаада 31-декабрь күнү 5000 сом опузалап талап кылган бала 2 бейтааныш шериктери менен келип токтотуп, автоунаасына салып кетишкен. Алар Токтогул районундагы каналдын жанына алып барып, “31-декабрда эмнеге 5000 сом акча бербедиӊ” – деп оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүп, уруп-тепкилеп, денесине жараат келтиришкендигин билдирген. 


Бул факты Токтогул РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Жабырлануучунун денесинен алган жарааттарын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 


"2023-жылдын 9-январь күнү жүргүзүлөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Токтогул РИИБдин жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери тарабынан окуяга шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Токтогул районунун тургуну 1995-ж.т. М.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Ал эми дагы бир Токтогул районунун тургуну 1995-ж.т. А.Н. кармалып, тергөөгө камсыздалган",- деп айтылат билдирүүдө.


Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн