Бугу 10, 2024
Убакыт: 01:46
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Токтогул районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылат

12.04.2022 16:28
1076
Токтогул районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылат

Токтогул районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу КР президентинин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, буга чейин Токтогул райондук жарандык актылардын абалдарын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү шаардык маданият үйүнүн имаратында жайгашып, бөлмөлөрдүн тардыгынан кызматкерлерге жана жарандарга ыңгайсыздык жаралып келген.


Калкты тейлөө борборундагы (ЦОН) шарттарды жакшыртуу максатында, учурда Токтогул шаарындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Мекеменин абалы менен КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев таанышты.


Алдыда "КРнын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан мекеменин ички жабдыктары жана штаттык бирдиктери чечилүүсү менен ишке кирет.


Белгилей кетсек, калкты тейлөө борбору райондун жалпы 105 миң калкын тейлейт.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн