Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:39
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Токтогул районунун тургунунун сарайынан 25 килограмм баңгизат табылды

05.04.2023 11:27
492
Токтогул районунун тургунунун сарайынан 25 килограмм баңгизат табылды

Токтогул районунун тургунунун сарайынан 25 килограмм баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Баңгизаттар тууралуу ыкчам маалымат алгандан кийин, Токтогул районунун 41 жаштагы Б.З. тургунунун үйүн текшерүү учурунда табылган.


Маалыматка ылайык, сарайда жерге кургатылган кара куурайдын өзгөчө жыты бар, күрөң-жашыл түстөгү чөп табылган. Алынган заттар эки полиэтилен баштыкка салынган, алардын жалпы салмагы контролдук таразада 25 кг марихуаннаны түзгөн. 


Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо" каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду.


Азыркы учурда КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Токтогул районунун ИИБнын кызматкерлери менен биргеликте баңги кылмышынын мүмкүн болуучу катышуучуларын аныктоо боюнча мындан аркы ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн