Токтогул шаарынын борбордук аянтында көп кырдуу талант ээси — ак таңдай акын, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин айкели орнотулду.
Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары К.Сулайманов, М. Самыйкожо уулу, Токтогул районунун акими А. Тюкебаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, чыгармачыл инсандар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Элмирбек Иманалиевдин өмүр таржымалы, чыгармачылык жолу, көрөңгөлүү сөздөн кеп салган асыл ой жүгүртүүсү, башкалардан өзгөчө уккулуктуу мукам обону, эл аралык айтыштарда ар дайым курч сөздөрү менен далилденген кыргыз элине болгон сүйүүсү жана сый-урматы, кыргыз дегенде алоолонуп от алган мекенчилдиги менен кылымда бир жаралуучу талант экендиги эскерилип, акындын өзү өлсө да анын чыгармалары дагы кылымдар бою өлбөй жашай берери айтылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн