Токтогул шаарында күнүнө 15тен 40 башка чейинки бодо малды санитардык талаптарга ылайык союуга мүмкүн болгон жаңы заманбап мал союучу жайдын курулушу жүрүп жатат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул Токтогул шаарынын тургуну, жеке ишкер Зуура Раханованын демилгеси менен ишке ашырылууда.
Долбоордун жалпы наркы — 8 млн 147 миң сом. Анын ичинен:
- 2 млн 745 миң сому — райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган;
- 5 млн 402 миң сому — жеке ишкердин өздүк салымы.
Курулуш иштери учурда кызуу жүрүүдө. Объектти 2025-жылдын ноябрь айында пайдаланууга берүү пландаштырылууда.
Белгилей кетсек, ушул эле аймакта 2026-жылы этти кайра иштетүүчү цех куруу аракети да башталды. Цехти куруу иштери да параллелдүү жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн