Бугу 20, 2024
Убакыт: 08:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Токтогул суу сактагычына суунун агып кириши көбөйүүдө

08.07.2022 10:11
494
Токтогул суу сактагычына суунун агып кириши көбөйүүдө


2022-жылдын 7-июлуна карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 417 миллион кубометрди түздү. Мындай маалыматты «Электр станциялары» ААК билдирет.


Анын айтымында, кечээ суунун агып кириши секундасына 949 метр кубду, чыгымы секундасына 421 метр кубду түздү. Башкача айтканда, суунун агып кириши агып чыгышынан эки эсе көп болгон.


Бир жыл мурун Токтогулкадагы суунун көлөмү 11 миллиард 182 миллион кубометрди түзгөн.


Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,5 миллиард куб метрден азайган. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калышы мүмкүн деп чочулашкан. Айрым эксперттер бул Токтогул ГЭСинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн деп эсептешкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн