Өткөн суткада Токтогул суу сактагычына суунун агып кириши секундасына 28 кубометрге көбөйүп, секундасына 173 кубдан 201 куб метрге жетти. Маалыматты «Электр станциялары» ААК билдирди.
Муну менен катар суунун чыгымы 72 метр кубга көбөйүп, секундасына 218 метр кубдан 290 метр кубга жеткен.
2022-жылдын 16-мартына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 7 миллиард 933,09 миллион кубометрди түздү.
Сутка ичинде бул көрсөткүч 7,72 миллион кубометрге, ал эми жыл башынан бери 2 миллиард 178,31 миллион кубометрге азайган. 2021-жылдын 16-мартына салыштырмалуу 1 миллиард 118,51 миллион кубометрге көп. Былтыр бул күнү Токтогул суу сактагычында 9 миллиард куб метрден бир аз ашык суу болгон.
Быйыл кургакчылыктан улам Кыргызстан энергетикалык каатчылыкка кабылды. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калышы мүмкүн деп кооптонушууда. Бул Токтогул ГЭСинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн