Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 06:53
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12,8 млрд куб метрди түздү

16.09.2024 19:08
96
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12,8 млрд куб метрди түздү


Бүгүн, 16-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд 842 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 333 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 199 куб метрди түзүүдө.

Белгилей кетсек, Токтогул суу сактагычына 19 млрд куб метрден ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Суу сактагыч Нарын дарыясына курулган. Ага Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар да куят.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн