Бугу 04, 2024
Убакыт: 09:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7,2 млрд куб метрди түздү

25.03.2024 09:40
98
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7,2 млрд куб метрди түздү


Бүгүн, 25-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 207 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 297 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 189 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Белгилей кетсек, 18-мартка суу сактагычка суунун агып келиши секундасына 165 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 423 куб метрди түзгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн