Бүгүн, 14-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 67 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1 миң 343 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 406 куб метрди түзүүдө.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.
2022-жылдын 14-июнуна карата суунун көлөмү 11 млрд 143 млн куб метрди түзгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн