Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:50
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кооптуу чекке жетти

24.03.2021 16:38
790
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кооптуу чекке жетти

Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард кубга азайып, кооптуу чекке жетти. Бул туурасында энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев парламенттин жыйынында билдирди.

Суунун көлөмү акырындык менен түшүп жаткандыгын айтылды.

Бүгүнкү күнгө карата суунун агып кириши секундасына 173 куб метрди түзсө, агып чыгуу секундасына 335 куб метрге жетүүдө.


«Электр станцияларынан» Нарын дарыясынын жогору жагында үч жыл катары менен аз жааган кардын кесепетинен улам Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азайып жаткандыгын билдиришти.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Тара
Нарынга свет боюнча лимит алынат жазда деди еле Жапаров убада берип ,еми кандай болот екен?