Бугу 09, 2024
Убакыт: 03:56
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,1 млрд куб метрди түздү

12.01.2024 16:42
207
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,1 млрд куб метрди түздү


Бүгүн, 12-январга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 145 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 143 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 536 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Белгилей кетсек, былтыр 12-январда суунун көлөмү 10 млрд 628 млн куб метрди түзгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн