Бугу 08, 2024
Убакыт: 21:44
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,5 млрд куб метрден ашты

13.07.2023 14:36
230
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,5 млрд куб метрден ашты


Бүгүн, 13-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 544 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 615 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 442 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 13-июлда суунун көлөмү 12 млрд 637 млн куб метрди түзгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн